МЕЗГИЛДҮҮ АЛЫМ – товарлардын ташылып кирүүсү менен ташылып чыгуусун ыкчам жөнгө салуу үчүн КР Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү бажы алымынын түрү. Ошону менен бирге, бажы тарифинде каралган бажы алымдарынын чени кодонулбайт. М. а-дын аракет мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.
МЕЗГИЛДҮҮ БАЖЫ ЖАРНАГЫ – бир эле жакка тийешелүү бир эле товарлар менен унаа каражаттарынын такай кирип-чыгуусунда КР бажы органдары белгилүү бир мезгил аралыгында КР бажы аймагына кирип-чыгуучу баардык товарлар менен унаа каражаттарына бир гана жарнак берүүгө улуксат кылат. М. б. ж-н берүү тартиби менен учуру КР мыйзамдары тарабынан аныкталат.
МЕЗГИЛДҮҮ БАСМАСӨЗ – туруктуу аты бар, ырааттуу номуру бар жана жылына бир жолудан кем эмес жарык көрө турган гезит, журнал, альманах, бюллетень ж. б. басылмалар.
МЕЗГИЛДҮҮ ЖУМУШЧУ – КРдеги жаратылыш жана табигый шарттарга байланыштуу 6 айлык мөөнөттөн ашпаган белгилүү бир мезгил аралыгында (мезгилдүү) жумушка алынгандар. М. ж-га эмгек жөнүндөгү мыйзамдар менен атайын мыйзам актыларында белгиленген ченемдер колдонулат. Мезгилдүү жумуштардын тизмеси КР Өкмөтү тарабынан бекитилет.